Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз сактоо фактысынын бетин ачышты

15:36, 09 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй ОИИБнын кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз сактоо фактысынын бетин ачышты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылындагы үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүлүп, анда мыйзамсыз сакталган баңгизаты табылган. Кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалды.

Анын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталды.