19:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандын тоолорунда аскердик тик учак кырсыктады. 4 киши жарадар болду

Хан-Теңри чокусуна жакын жерде аскер тик учагы жоголуп кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, тик учак издөө операциясын аткарып жатып радардан жоголуп кеткен.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынан билдиришкендей, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнө тиешелүү тик учак куткаруу иштерин жүргүзүү маалында, Түштүк Эңилчек аймагынан кырсыкка кабылган.

Чет өлкөлүк альпинистти куткаруу максатында барган тик  учак катуу шамалдын кесепетинен сол жагына кулап калган. Алдын ала алынган маалыматка караганда, 4 киши жабыркады. Учурда аларды эвакуациялоо боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар