Нарында айдоо аянттарын зыяндуу курт-кумурскалардан тазалоо иштери улантылууда

10:28, 09 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунда айдоо аянттарын зыяндуу курт-кумурскалардан тазалоо иштери улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-майдан тартып Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунун айдоо талааларында инвазияга каршы химиялык дарылоо иштери жүргүзүлүүдө . Бүгүнкү күнгө чейин айдоо жерлерине дары себүү иштери жүрүүдө. Иш-чара бүгүн да улантылат.

Эске сала кетсек, Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондорунун жайыттарында жана талааларында чегиртке, зыяндуу курт-кумурскалар пайда болгон.