Газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Ибраимов көчөсү жабык турат

09:19, 09 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Ибраимов көчөсү жабык турат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы оңдоо иштерин 7-июлга чейин бүткөрүүгө сөз берген. Бирок, жол азыркыга чейин жабык.

Унаа кыймылы Фрунзе көчөсүнөн Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүктө каршы тилке боюнча жүргүзүлүүдө.