Чүй облусунда оор жүк ташуучу унаа 5 жаштагы баланы өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу күтүүсүз жерден жолго чыга калган 5 жаштагы баланы коюп кеткен. Наристе окуя болгон жерде көз жумган.
Кырсык Озерное айылындагы Фрунзе көчөсүндө болгон.