10:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстандык балбан эл аралык турнирде чемпион болду

Кыргызстандык Акжол Махмудов күрөш боюнча эл аралык турнирде чемпион аталды. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, балбан Түркияда өткөн «Champions-2018» Эл аралык турниринде 77 килограмм салмак ченинде күч сынашкан. Алгач финландиялык балбанды 8:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда азербайжандык спортчуну 5:2 эсебинде уткан. Ал эми чечүүчү беттеште түркиялык балбанды 12:3 эсебинде жеңип чемпион аталды.

Эске салсак, спорттук иш чара Стамбул шаарында 4-7-июль күндөрү өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума