Кыргызстандык балбан эл аралык турнирде чемпион болду

16:42, 09 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык Акжол Махмудов күрөш боюнча эл аралык турнирде чемпион аталды. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, балбан Түркияда өткөн «Champions-2018» Эл аралык турниринде салмак ченинде күч сынашкан. Алгач финландиялык балбанды 8:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда азербайжандык спортчуну 5:2 эсебинде уткан. Ал эми чечүүчү беттеште түркиялык балбанды 12:3 эсебинде жеңип чемпион аталды.

Эске салсак, спорттук иш чара Стамбул шаарында 4-7-июль күндөрү өттү.