Вице-мэр Ренат Макенов суракка чакырылды

17:18, 06 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жер аянтын мыйзамсыз берүү тууралуу иш боюнча шаардын вице-мэри Ренат Макенов суракка чакырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жеке булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Ренат Макенов буга чейин 1 күн мурун сурак берип чыккан. Бүгүн УКМКнын тергөөчүсү аны кайрадан чакыртып, учурда сурак берүүдө.

Эске салсак, Башкы прокуратура Жер ресурстары башкармалыгы тарабынан жер аянттарын мыйзамсыз берүү фактысынын бетин ачкан. 2014-жылдын октябрында муниципалдык менчик башкармалыгы жеке жактарга 12-кичи райондон аянттагы жерди 1 жылдык мөөнөт менен берип койгон.

Ал кезде аталган башкармалыкты Ренат Макенов жетектечү.