Ош шаарындагы каналдан белгисиз адамдын сөөгү табылды

17:06, 06 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарындагы «Южный» каналынан белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Туран кичи районундагы «Южный» каналында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 4 куткаруучу маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.