Юстиция министрлиги Telegram-каналында билдиргендей, биометрикалык эмес паспорттор бул мөөнөткө чейин чет өлкөгө чыгуу-кирүү учурунда жарамдуу болот.
Өзбекстанда биометрикалык паспортторду берүү 2011-жылы ноябрда башталган. Документти алмаштыруу 2015-жылы аякташы керек болчу, бирок кийин анын мөөнөтү 2018-жылдын 1-июлуна чейин узартылган.
Өлкө ИИМи паспортун алмаштырбаган жарандар үч минималдык айлык көрсөткүчкө чейинки айыппулга жыгыларын эскерткен.