13:01
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргызстандагы 17 медреседе кесиптик сабактар окутулууда

«Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» атайын долбоорунун алкагында, жети облус аймагынан тандалып алынган медреселерге атайын жабдуулар таратылды. Бул тууралуу «Айыл жергесиндеги жаштарды кесипке үйрөтүү» коомдук фондусунан кабарлашты.

Маалым болгондой, долбоордун алкагында ашпозчу-кондитер, компьютер колдонуучу, бал челекчи, ширетүүчү, электрик жана тигүүчү кесиптери 17 медреседе окутулууда. Мындан башка 2 айлык англис тили курсу уюштурулду.

Бул жылы жалпысынан 10 медресеге 3 миллион сомдон ашуун каражатка жабдуулар алынып берилди.

Кошумчалай кетсек, атайын окуу курсун бүтүргөн жаштардын 70 пайызы жумуш менен камсыз болду.

Эң көп окулган жаңылыктар