10:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ысык-Көлдөгү ар бир пансионатта тартип сакчылары иштей баштайт

Ысык-Көлдүн жээгиндеги ар бир пансионатта тартип сакчылары иштей баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүү боюнча Чолпон-Атада өткөн көчмө жыйында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Маалым болгондой, жайкы сезон учурунда милиция күчөтүлгөн режимде иштеп баштайт.

Эске салсак, жол коопсуздугун камсыздоо үчүн 30 көчмө пункт ачылды. Алардын жарымы Чүй, жарымы Ысык-Көл облустарында иштешет. Ошондой эле 300 милиция пансионаттардагы тартипти сактоо үчүн кароолдо турушат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума