Көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов кызматтан кетти

10:25, 06 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.

Маалым болгондой, Икрамжан Илмянов ден соолугуна жана үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу отставкага кетти.

Кошумчалай кетсек, 5-июлда федерациянын кезектеги съезди болуп, анда жаңы президент болуп Жыргалбек Саматов шайланды.