Баткенде узундугу 46 чакырымды түзгөн канал курулуп баштады

09:22, 06 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен районунун Дара жана Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагында узундугу 46 чакырымды түзгөн канал курулуп баштады. Бул тууралуу Баткен облустук суу чарба башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган каналдын курулушу менен дың жер өздөштүрүлмөкчү.

Билдирүүгө ылайык, канал Кытай тарабынан кайтарымсыз грант түрүндө берилип жаткан 500 миллион сом каражатына курулат. Биринчи 12 чакырым узундуктагы эски канал оңдолуп, андан кийин 4 чакырым магистралдык канал менен 30 чакырым чарбалык кичи каналдар курулат.