23:33
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ысык-Көлдө «ӨрүкФест-2018» фестивалы өтөт

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында «ӨрүкФест-2018» аттуу үчүнчү өрүк фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Иш чара 28-июлда уюштурулмакчы.

Фестивалдын негизги максаты — облустагы мөмө-жемиш өндүрүшүнүн өнүгүшү үчүн инвестицияларды тартууга көмөктөшүү, аймактагы туризмди өнүктүрүп, экологиялык баалуулуктарды пропагандалоо.

Маалыматка караганда, аталган райондогу Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи Жаргылчак, Ак-Терек жана Жеңиш айылдарынын дыйкандары иш чарага катышмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума