Сооронбай Жээнбеков Астана шаарына учуп кетти

08:45, 06 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Астана шаарына Казакстандын борборунун 20 жылдыгына карата иш-чарларга катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Малым болгондой, сапардын алкагында мамлекет башчысынын «Астана» Эл аралык финансылык борборуна бараары күтүлүүдө.