03:21
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Канатбек Исаевдин адвокаттары аны үй камагына чыгарууну өтүнүшөт

Канатбек Исаевдин адвокаттары анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен тергөөчүлөргө жана прокурорлорго кайрылышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Канатбек Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр 30-сентябрда кармаган. Буга «депутат бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат» деп Интернетте тараган видео себеп болгон.

Башкы прокуратура ага Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси («Кылмышка даярдануу»), 233-беренеси («Калайман башаламандык») жана 295-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу») менен иш козгогон.

Кечээ Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков бул кылмыш ишин кайра тергөөгө жөнөтүү тууралуу чечим чыгарды.

Тергөө толук жана калыс өтпөгөнүн айткан адвокаттар ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү кечээ өтүнүшкөн.

Ал эми Канатбек Исаевге карата ага чейин козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулган. Ал «2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда жемкорлук кылган» деп айыпталып жаткан болчу.

Канатбек Исаев — Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты.

Эң көп окулган жаңылыктар