16:14, 05 июля 2018, Бишкек - 24.kg
Баткен облусунда акыркы 5 ай аралыгында 9 өспүрүм сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, Кадамжай районунда 4, Лейлек районунда 3 жана Баткен районунда 2 өспүрүм сууга чөгүп кеткен.
Кошумчалай кетсек, тартип сакчылары жай келгени жер-жерлерди кыдырып, тургундарга көлгө түшүүнүн негизги эрежелерин түшүндүрүшүүдө.