«Биздин комитеттин адистери бир нече райондо изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Анда Орусияда иштеп келгендердин көбү ал жакта -и, -зод, -зода, -он, -ён, -йен, -ёр, -ниё, -фар деп бүткөн фамилиялар менен маселелер жаралып жатканын айтып, мурдагы «орусча» фамилияларына кайтышканы белгилүү болду», — деди ал.
Душанбедеги ЗАГС жетекчиси Сайёхат Достизода борбор шаарда дагы ушундай тенденция бар экенин билдирди. Анын айтымында, акыркы кездери тажик фамилияларын «-вич» жана »-ов (-ев) деп өзгөртүп берүү өтүнүчү менен кайрылгандар көп болууда. Бирок ал фамилияларды «орусчалаштыруу» эмгек мигранттарынын Орусиядагы жашоосун жеңилдетпейт деп эсептейт.
«Менин билишимче, фамилиялары -и, -зод, -зода, -он, -ён деген суффикстер менен аяктаган Тажикстандын жүздөгөн жараны орус жарандыгын алышкан», — деди Сайёхат Достизода.