Бишкектеги 6 унаа катышкан жол кырсыгында жаш бала жаракат алды

15:20, 05 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Гагарин жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде алты жеңил унаа кагылышып, кичинекей бала жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жаш бала жаракат алып, ал № 3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Ал эми келтирилген чыгым боюнча айдоочулар өз ара макулдашып алышканы маалым болду.