11:23
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзбекстанда «Делбирим» чыгармасы боюнча тасма тартуу иштери жүрүп жатат

Өзбекстанда «Делбирим» чыгармасы боюнча тасма тартуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Дан» продюсердик борборунун жетекчиси Паризат Жакыпбекова «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма Намангандан кийин Ысык-Көл менен Ташкент облусунда да тартылат.

Фильмди Кыргызстандын «Дан» продюсердик борбору Өзбекстандын «Узбеккино» улуттук агенттиги менен бирге Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» («Кызыл жоолук жалжалым») повестинин негизинде тартып жатат.

Көркөм фильмде башкы каармандар Ильяс менен Байтемирдин ролуна өзбекстандык актерлер Адиз Ражапов менен Улукбек Кадыров, Асел менен Кадичанын ролуна кыргызстандык актрисалар Мадина Талипбек жана Элина Абай кызы тандалган.

Фильм Ташкентте, Наманганда, Фергана өрөөнү менен Ташкенттин ортосундагы ашууда жана Кыргызстандын Балыкчы шаарында тартылат. Тасма тартуучулардын айтымында, чыгарманын мазмуну ошол бойдон калат, бирок кино бүгүнкү заманда болуп жаткандай сүрөттөлөт.

Фильмдин сценарийин жазуучу жана драматург Керез Зарлыкова жазган, ал эми режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов. Тасманын бет ачары быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө — 12-декабрда болоору мерчемделүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар