12:05
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ак үйдүн алдында Аксы окуяларынын катышуучулары митингге чыгышты

Бишкектеги Ак үйдүн алдында Аксы окуяларынын катышуучулары митингге чыгышты. Нааразы тарап президент менен жолугууну талап кылышууда. 

Акциянын катышуучусу Максатбек Момуналиевдин айтымында, алыстан келген тургундар 2002-жылкы Аксы окуяларынын катышуучуларын Апрель баатырларына теңөөнү талап кылышууда.

2010-жылкы Апрель окуяларынын катышуучулары баатыр аталышты. Алар жеңилдик алышат, биз албайбыз. Бизди дагы баатырларга теңеп жеңилдиктерди караштырууга мурунку президент Алмазбек Атамбаев убада берген. Андан кийин учурдагы мамлекет башчысы дагы шайлоо алдында сөз берген

Максатбек Момуналиев

Ал билдиргендей, 2006-жылга чейин Азимбек Бекназаровдун күчү менен Аксы окуяларынын катышуучуларына тийиштүү деңгээлде көңүл бурулуп келген, кийин баары унутта калды.

Эске салсак, Аксы окуясы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы менен башталган. Анын шайлоочулары нааразычылык акциясына чыгышкан. 2002-жылдын 17-мартында Боспиек айылында укук коргоо органдарынын кызматкерлери көтөрүлүшкө чыккандарга каршы ок чыгарышкан. Кесепетинен Аксынын 6 тургуну каза тапкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума