14:30, 05 июля 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги ири базарларда өрт өчүрүүчү унаалар үчүн өтмөктөрдү бошотуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу билдирди.
Анын айтымына караганда, буга чейин Ош, Орто-Сай, Дордой ири соода базарларында өрт өчүрүүчү унаалардын өтүшүнө тоскоолдук жараткан мыйзамсыз орнотулган 43 киоск жана жаймалар алынды.
Маалым болгондой, буга чейин кеңдиги 1 жарым метр болгон өтмөктөр 6-8 метрге чейин кеңейтилди.