Кыргыз сому -КМШ өлкөлөрүндөгү эң туруктуу валюта

11:12, 05 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргыз сому КМШ өлкөлөрүндөгү эң туруктуу валюталардын катарын толуктады. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазып чыкты.

Фото

Маалыматка ылайык, аталган басылманын аналитиктери КМШ өлкөлөрүндөгү улуттук валюталардын наркы акыркы жылдары канчага өзгөргөнүн изилдеп чыгышты. Ага ылайык, 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, орусиянын рубли 8,64 пайызга арзандаса, украиналык гривендин наркы 7,4 пайызга кымбаттаган.

Рубль акыркы 5 жылдагы эң төмөн көрсөткүчкө ээ болду.  Украинадан кийин жакшы көрсөткүчтөргө грузия, молдавия, кыргыз валюталары ээ болду.