Кыргыз-тажик чек арасындагы өрттө Кара-Балта шаарынын тургуну жабыркады

10:27, 05 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Лейлек районунун Жаштык айылында болгон өрттө жабыркаган жарандын абалы туруктуу. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Кулунду айыл аймактык ооруканасынан билдиришти.

Алардын маалыматында, өрттөн бир киши ооруканага жеткирилген. Ал 1953-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну Токтоназар Балтабаев.

«Ал бензовоздун айдоочусу. Май куюп жаткан кезде жакынкы газ станциясы жарылып кеткен. Экинчи даражадагы күйүк алды. Абалы туруктуу», — деп билдиришти ооруканадан.