Балыкчы шаардык соту жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен кишини 8 жылга эркинен ажыратты.
Соттун өкүмүндө айтылгандай, Нарын облусунун 30 жаштагы тургуну жол кыймылы коопсуздугун жана унаа каражаттарын пайдалануу боюнча эрежелерди бузуу беренеси боюнча күнөөлөнүүдө.
Эске салсак, 2017-жылдын 30-декабрында айдоочу мас абалында жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин ал милицияга келип, күнөөнү мойнуна алган.