Жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен кишини 8 жылга эркинен ажыратты

10:27, 05 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Балыкчы шаардык соту жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен кишини 8 жылга эркинен ажыратты.

Соттун өкүмүндө айтылгандай, Нарын облусунун 30 жаштагы тургуну жол кыймылы коопсуздугун жана унаа каражаттарын пайдалануу боюнча эрежелерди бузуу беренеси боюнча күнөөлөнүүдө.

Эске салсак, 2017-жылдын 30-декабрында айдоочу мас абалында жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин ал милицияга келип, күнөөнү мойнуна алган.