Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыкта 1 чоң киши жана 3 жаш бала жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, маршруттук таксинин дөңгөлөгү жарылып оодарылып кеткен.
«Унаанын айдоочусу Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй келе жаткан. Кырсык Токмок шаарына жакын жерде катталды. Учурда жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлдү», -деп жазылат маалыматта.
жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлдү», -деп жазылат маалыматта.