Чувашиядагы жол кырсыгы: 3 кыргызстандык каза болду

17:51, 04 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын 3 жараны Чувашия Республикасында жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кесепетинен кыргызстандык 3 жаран (алардын экөө жаш балдар) каза болуп, дагы эки жаран жаракат алышкан.

Билдирүүгө ылайык, 5 жана 6 жаштагы балдар каза болду.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, кырсыктын келип чыгуусуна себепкер болгон.