Романовка айылындагы Тойбаев көчөсүндө электр мамысы кулап кетүү коркунучунда

16:57, 04 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Романовка айылындагы Тойбаев көчөсүндө электр мамысы кулап кетүү коркунучунда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришти.

«Биз Сокулук РЭСине кат турүндө бир канча жолу кайрылганбыз. Электр мамысы каалаган убакта үйлөрдүн үстүнө кулашы мүмкүн», — дешет тургундар.