Өзбекстан муфтияты өзүнүн туристтик агенттигин ачты

16:37, 04 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы Muslim-tour деп аталган туристтик агенттик негиздеди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, мекеме Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттен тиешелүү лицензия алып, туристтик ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна ээ болду.

«Muslim-tour агенттиги жергиликтүү тургундар жана чет өлкөлүктөр үчүн Өзбекстандын ыйык жерлерине зыярат кылуу үчүн турларды уюштурууну пландап жатат. Максаты — саякатчылар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана мусулман дүйнөсүндө Өзбекстандын беделин жогорулатуу», — деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.

Буга чейин «Өзбекстан аба жолдору» улуттук компаниясы ислам туризмин өнүктүрүү үчүн жумасына бир жолу аткарылчу Ташкент — Жидда — Ташкент багыты боюнча каттам ачуу ниетин билдирген.