12:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ак-Суу районунда 30 жаштагы тургун 16 жашар кызды зордуктап койгон

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда 30 жаштагы тургун 16 жашар кызды зордуктап койгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-июнда Кайырма-Арык айылынын 40 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 25-июндан 26-июнга караган түнү анын 16 жашар кызын 1988-жылы туулган Ж.М. аттуу тургун күч колдонуп зордуктап койгону айтылат.

Аталган окуя боюнча Кылмыш кылмыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар