Депутат Ысык-Көлгө шайтан араба менен сапар алды

12:19, 04 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Депутат Дастан Бекешев Ысык-Көлгө шайтан араба менен сапар тартты. Видеосун депутат өзү Instagram баракчасына жүктөгөн.

«29-июнда тааныштар менен Бишкектен Чолпон-Атага чейин шайтан араба менен сапар алууга аракет кылдык. Бирок, 120 чакырымды гана басып өтө алдык. Кийинки жылы баардык чакырымды басып өтөбүз деген ишеничтемин!», — деп жазган Дастан Бекешев.