08:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Майып кызды зордуктаган. Шектүү 6 жыл абакта жатат

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа райондук соту мүмкүнчүлүгү чектелген кызды зордуктаган кишини 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 27-мартында 3-топтогу майып кызды зордуктоого шектелип Ак-Талаа районунун тургуну кармалган. Ал кызды апасына алып барам деп алдап, ээн жерден күч колдонуп зордуктаган.

Кылмышка шектүү окуя болгон күнү таанышына жолугуп, спирт ичимдиктерин ичкендигин айтат. Андан кийин эмне болгону эсинде жок.

Кошумчалай кетсек, жабырлануучу кыз менен анын апасы айыпталуучуну кечиргенин билдиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар