Кыргызстанда июлда күйүүчү-майлоочу майдын баасы өзгөрбөйт

11:05, 04 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери чекене баасы тынымсыз өсүп келе жаткан күйүүчү-майлоочу майдын баасы бул айда өзгөрбөйт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Январь-июнь айларында бензин орто эсеп менен 2,6 сомго кымбаттаган. Ал эми дизелдик отундун баасы 4,4 сомго өскөн.

«Акыркы учурларда Орусиядагы мунай заттардын дүң базарлардагы абалы турукташууда. Баалардын өсүшү токтоду, күйүүчү майдын дүн баасы өткөн айдын баасындай эле болду», -деп билдиришти ассоциациядан.