Башкы прокуратуранын имаратынын алдында нааразычылык акция өтүп жатат

10:39, 04 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Башкы прокуратуранын имаратынын алдында нааразычылык акция өтүп жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине катышуучулар билдиришти.

Алардын айтымында, акцияга 6-кичи райондун тургундары чыгышты. Нааразы тарап экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда. Маалым болгондой, аталган ведомствонун кызматкерлери Жогорку сот менен Башкы прокуратуранын чечимин аткарбай жатышат.

«Кеп мыйзамсыз салынган курулуштарды алып салуу тууралуу болуп жатат. 6-кичи райондогу кафени алып салуу тууралуу чечим мартта эле кабыл алынган. Бирок, ошол бойдон турат. Биз Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдык. Бир айдан бери эч кандай жооп жок», -дешти нааразы болгондор.

Фото

Алар кошумчалашкандай, талаптары аткарылмайынча акцияга күн сайын чыга беришмекчи.