Беловодское айыл өкмөтүнүн мурунку башчысына карата 2 кылмыш иши козголду

10:21, 04 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Беловодское айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Бакыт Төлөмүшевге карата 2 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жергиликтүү активист Юсуп Китаев билдирди.

Бул маалыматты Москва РИИБдан тастыкташты. Милициянын билдирүүсү боюнча, Бакыт Төлөмүшев жер аянтындагы алдамчылык жана Ак-Суу дарыясынын жээктерин бекитүү боюнча топтолгон бюджеттик каражатты коротуу фактылары боюнча айыпталууда.

«Бакыт Төлөмүшевди кызматтан бошотушту. Сентябрда жаңы өкмөт башчысы шайланат», -деди Юсуп Китаев.