Аксы районунда сел жүрүп, 19 үйдү суу каптады

09:43, 04 июля 2018, Бишкек - 24.kg

3-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жарды-Колот айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 19 үйдү суу каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, селдин кесепетинен Огонбаев, Осмонов жана Бейшеналиев көчөлөрүндөгү 16 үйдүн короосуна жана 3 үйдүн жер төлөөсүнө суу кирген.

Селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМнын райондук 5 куткаруучусу жана жергиликтүү 20 тургун тартылган.