Москва районунда адам өлтүрдү деген шек менен бир киши кармалды

08:46, 04 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Москва районунда адам өлтүрдү деген шек менен бир киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тартип сакчылары Кыз-Моло айылындагы үйлөрдүн бирин тинтүүгө алган. Натыйжада короодогу аңдын ичинен кишинин чирип кеткен сөөгү табылган.

«Жансыз дене 2015-жылы дайынсыз жоголгон үй ээси экени аныкталды. Ушул жылдын 29-июнунда шектүү жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголду», -деп жазылат маалыматта.