Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театрына жаңы жетекчи дайындалды

17:02, 03 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театрынын жетекчиси болуп Евгений Кузнецов дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка министр Султан Жумагулов кол койду.

Белгилей кетсек, 42 жаштагы Евгений Кузнецов буга чейин Бишкек мэриясында, өкмөттүн аппаратында иштеген.