Сапар Исаковдун жердештери аны үй камагына чыгарууну суранышат

14:01, 03 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Сапар Исаковдун жердештери аны үй камагына чыгарууну суранышат. Бул тууралуу алардын таркаткан билдирүүсүндө айтылат.

Жердештери мурдакы өкмөт башчысынынын ишин адилеттүү жана калыс кароо менен соттун чечими чыкканча үй-бүлөсүнүн алдына которууну өтүнөт.

«Биз шайлоо Сапар Исаковду колдоп, сизге добуш бергенбиз. Анткени, «чептен эрдин күчү бек». Азыр уулубузга карата адилетсиз чечим болсо, тике туруп берүүгө даярбыз», — деп эскертишет.

Алар жемкорлукка каршы күрөш адилетсиз болуп жаткандыгын айтышат.

«Мыйзам баарына бирдей иштеш керек. Бирөөлөргө иштеп, бирөөлөргө иштелбей калышы элди экиге бөлөт», — деп айтылат Кочкор районунун тургундарынын атынан жазылган катта.