03:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ашхабаддыктар 47 градус ысыкта суусуз калды

Ашхабаддын борборунда жайгашкан бир нече кичи район акыркы төрт күндөн бери суусуз калды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, суу берүү 29-июнда токтотулган.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, жашоочулар жергиликтүү бийликке арыз менен кайрылышты.

Ашхабадда абанын температурасы көлөкө жерде 47 градусту түзүүдө.

Борбор калааны суу менен камсыз кылуу мекемелери жабдуулар бузулганын, учурда оңдоо иштери жүрүп жатканын билдиришүүдө.

2-июль күнү авария болгон кичи райондорго цистерна менен суу ташып келишти, бирок ал бир сааттын ичинде эле түгөнүп калган.

Заманбап Ашхабаддын инфраструктурасында калк үчүн бекер суу берүүчү жерлер каралган эмес. Гүлбактарда, көчөлөрдүн жээгинде жайгашкан оргумалар, суу түтүктөрү шаарды оңдоо иштеринин алкагында алынып салган.

Эң көп окулган жаңылыктар