Бишкек ЖЭБге көмүр ташуу иштерин 2 ортомчу компания жүзөгө ашырат

09:31, 03 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек ЖЭБге көмүр ташуу иштерин 2 ортомчу компания жүзөгө ашырат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

ТОО «Евротранс групп» компаниясы Д, ДГ же Г үлгүсүндөгү 400 миң тонна көмүрдү 1 миллиард 206 миллион сомго ташып келүүгө даяр.

Былтыр «Рассвет компани» ЖЧКсы күйүүчү отунду 1 миллиард 420 миң сомго баалап ташыган.

«Электрдик станциялар» компаниясы көмүрдү импорттоо үчүн 1 миллиард 440 миллион сом салат.

Энергетиктер жыл сайын көмүрдү чет жерден сатып алууну кыскартабыз деп пландап келишет. Былтыркы жылы «Рассвет компани» 450 миң тонна шабыркуль көмүрүн алып келген.