14:52
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Таласта Орусиянын 33 жаштагы жараны 15 жашар өспүрүм кызды зордуктады

Таласта Орусиянын 33 жаштагы жараны 15 жашар өспүрүм кызды зордуктады. Бул маалыматты «24.kg» агенттигине Талас ОИИБсы тастыктады.

Маалым болгондой, 9-класстын бүтүрүүчүсүн үйүнөн зордуктаган.

«Милицияга жабырлануучунун эжеси арызданган. Анын айтымында, 29-июндан 30уна караган түнү анын жээнин зордуктап кеткен. Кылмышка шектүү жаран аталган үй-бүлөнүн таанышы болгон», -деп жазылат маалыматта.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, өспүрүм кыз чоң энеси менен турат. Шектүү Орусиянын жараны болгонуна карабай, Таласта жашап жүргөн. 

Эң көп окулган жаңылыктар