Таласта Орусиянын 33 жаштагы жараны 15 жашар өспүрүм кызды зордуктады. Бул маалыматты «24.kg» агенттигине Талас ОИИБсы тастыктады.
Маалым болгондой, 9-класстын бүтүрүүчүсүн үйүнөн зордуктаган.
«Милицияга жабырлануучунун эжеси арызданган. Анын айтымында, 29-июндан 30уна караган түнү анын жээнин зордуктап кеткен. Кылмышка шектүү жаран аталган үй-бүлөнүн таанышы болгон», -деп жазылат маалыматта.
Алдын ала алынган маалыматка караганда, өспүрүм кыз чоң энеси менен турат. Шектүү Орусиянын жараны болгонуна карабай, Таласта жашап жүргөн.