Талас-Тараз жолундагы кырсык. Эки киши каза таап, экөө оор жаракат алды

14:53, 02 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Талас-Тараз жолунун 58-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Ауди» жана «Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кесепетинен «Ауди» унаасындагы 2 киши каза болуп, 7 жашар бала оор жаракат алды.

Ал эми экинчи унаанын айдоочусу оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Учурда анын өздүгү такталууда.