15:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чехия эл аралык издөөдө жүргөн казакстандыкты экстрадициялады

Кылмыш жообуна тартуу үчүн Чехиядан Казакстанга Владимир Чаплинский аттуу жаран экстрадицияланды. Бул тууралуу Казакстан Башкы прокуратурасы кабарлады.

Чехия Юстиция министрлиги Владимир Чаплинскийди экстрадициялоо боюнча Казакстан Башкы прокуратурасынын өтүнүчүн орундаткан.

Шектүү 2007-жылы Агат-7 фирмасынын директору болуп турган кезде мамлекеттик мекеме менен Балкашта мектеп салуу тууралуу келишимге кол койгон. Ал кызмат абалынан пайдаланып, жасалган жумуш актысында жалган маалымат көрсөтүү аркылуу 39 миллион теңден ашуун (114 миң доллар) каражатты кымырып алган

Казакстан Башкы прокуратурасы

Көзөмөл органдын маалыматы боюнча Владимир Чаплинский кылмыш жоопкерчилигинен качып кеткен, ага эл аралык издөө жарыяланган. Башкы прокуратура Владимир Чаплинскийди кайтаруу иштерин 7 жыл мурун эле баштаган.

Учурда Владимир Чаплинский Астананын тергөө абагында отурат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби