Мыйзамсыз сакталган курал тартип сакчыларына тапшырылды

12:24, 02 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын тургуну тартип сакчыларына мыйзамсыз сакталган автоматты өз ыктыяры менен тапшырды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, Ош шаарынын тургуну АКС-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды милицияга тапшырды. Учурда курал экспертизага жиберилди.

Маалыматка караганда, акыркы 3 жума аралыгында жергиликтүү тургундар тарабынан 3 ок атуучу курал тапшырылды.