Чаткал районунун дайынсыз жоголгон жаранынын сөөгү табылды

11:41, 02 июля 2018, Бишкек - 24.kg

10 күн мурун унаасы менен дайынсыз кеткен Чаткал районунун эки жашоочусунун биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жол айылынын 23 жана 21 жаштагы тургундары «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаасы менен үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келишкен эмес.

25-июнда Чаткал дарыясынын жээгинен алардын документтери жана жеке буюмдары табылган.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, 1-июль күнү 21 жаштагы жигиттин сөөгү суудан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Экинчи жаранды издөө иштери улантылууда.