Балдар бакчасындагы наристелердин күнүмдүк тамактануусуна 60 сомдон бөлүнөт

10:13, 02 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Балдар бакчасындагы наристелердин күнүмдүк тамактануусуна 60 сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарын пландуу түрдө текшерүү маалында белгилүү болду.

Бишкек шаардык мэриясына караштуу билим берүү башкармалыгынын балдардын тамак-ашын уюштуруу жана көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Байгуловдун айтымында, аталган сумманын жарымы ата-энелер тарабынан төлөнөт. Калганын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары камсыздайт.

«Бөлүнгөн каражат толук кандуу жетпейт. Бирок, ошол акчанын баары 4 маал тамактанууга кетет. Биз шаар бийлигине кайрылып, каражаттын көлөмүн көбөйтүп бергиле деп суранып жатабыз», -деди ал.

Эске салсак, Бишкектеги 85 муниципалдык бала бакчаларга 30 миңге жакын наристе барат.